Өзбекстан Париждеги Олимпиаданы эң мыкты көрсөткүч менен жыйынтыктады

  • 1 месяц мурун

Париждеги жайкы Олимпиаданы 13 медаль менен жыйынтыктаган Өзбекстандын улуттук олимпиадалык курама командасы 12-август күнү түштөн кийин Ташкентке кайтып келет.

Олимп оюндарында өзбекстандык спортчулар 8 алтын, 2 күмүш жана 3 күмүш медаль жеңип алып, медалдардын саны боюнча дүйнөдө 13-орунда, Борбор Азияда биринчи, ошондой эле бүткүл Азияда – Кытай, Жапония жана Түштүк Кореядан кийин эле төртүнчү орунда жайгашты.

Буга чейин өзбек спортчулары 2016-жылы Риодо эң жакшы натыйжага жетишип, медалдардын саны боюнча жалпы эсепте 21-орунду ээлеген.

Париж олимпиадасында эң көп алтын медалды мушкерлери жеңип алышты. Кошумчалай кетсек, улуттук олимпиадалык курама команда дзюдо, таэквондо жана эркин күрөш боюнча бир алтын медаль менен кайтып келет.

Өзбекстандык спортчулар оор атлетика жана таэквондо боюнча бирден күмүш, дзюдо боюнча экиден, эркин күрөш боюнча бирден коло медаль тагынышты.

Улуттук олимпиадалык курама Ташкент аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө конот. Спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу аземи өтөт.

Сүрөттө: Диёра Келдиёрова. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты