Өзбекстан Ооганстанда медресе курат

  • 3 недели мурун

Өзбекстан Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында курулуп жаткан «Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресесин каржылайт.

21-августта өткөн иш-чарага Балх провинциясынын губернаторунун орун басары Нур аль-Ходи Абу Идрис жана Өзбекстандын Ооганстандагы башкы консулу Фархад Назаров катышты.

«Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресеси 0,6 гектар аянтка жайгашып, 1000 окуучуга диний билим берет.

Ооган маалымат каражаттары билдиргендей, курулуштун баасы 6 миллион долларга бааланган.

Диний окуу жайдын курулушун бир жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Медресенин курулушу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Бахтиер Саидовдун быйыл 12-13-мартта “Талибан” өкмөтүнүн лидерлери менен болгон сүйлөшүүлөрүндө макулдашылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты