Өзбекстан менен Германия миграция тармагында кызматташууга кол коюшту

  • 2 дня мурун

15-сентябрда Шавкат Мирзиёев менен Олаф Шольц Самаркандда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар миграциялык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Германиянын канцлери Олаф Шольц Өзбекстанда иш сапары менен жүрөт.

Канцлердин расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу 8 документке, анын ичинде миграция жана мобилдүүлүк чөйрөсүндө ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Өзбекстандан Германияга адистерди даярдоо жана жөнөтүү боюнча практикалык кызматташуунун «жол картасын» иштеп чыгууну макулдашты.

Өзбекстан аймактарга дуалдык билим берүүнүн германиялык моделин киргизүүнү пландоодо. Билим берүү жана илим алмашууну өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн университеттеринин форумун ачуу сунушталды.

Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстан биргелешкен программаларды ишке ашыруу, Германияда жогорку окуу жайлардын факультеттерин жана филиалдарын ачуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр.

Өзбекстандын президенти өлкөдө 300 миңге жакын жаштар немис тилин билерин жана Германияга кызыгуусу жогору экенин белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, былтыр Өзбекстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард евродон ашкан. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салган.

Сүрөт: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты