Үзүр Жузупбеков: Бизде диетологдор менен психологдор жок

  • 1 месяц мурун

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбеков 6-августтагы чейрек финалда утулуп калышына эмне себеп болушу мүмкүн экендигин айтып берди. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Берген маегинде, спортчу ал күнү өзүн жакшы сезген эмес. Жузупбеков балким ал күнү туура эмес бир нерсе жеп алганын же олимпиадалык шаарчадагы тамактар анын организмине туура келген эместигин айтып, айтор ал күнү өзүн алсыз сезип, толук күрөшө албай калгандыгын түшүндүргөн. Бирок, анын айтымнда, 8-август күнү кечинде өзүн кичине жакшыраак сезип калган.

Кыргызстандын курамасында диетологдор менен психологдор барбы деген суроого Үзүр Жузупбеков мындайча жооп берген:

«Чынын айтсам, бизде диетолог же психологдор жок. Биз жана тренерлерибиз өзүбүзгө өзүбүз диетолог жана психолог болуп калдык. Бул үчүн каражат керек. Башка мамлекеттерде бар, бирок алар бир гана күрөш үчүн иштешет. А биз балдар менен диета жагында да, айрыкча психологиялык маанай боюнча да өз алдынча колубуздан келишинче иштейбиз. Биз баарыбыз намаз окугандыктан, биз жеңишке да, жеңилүүгө да Кудайга ыраазыбыз жана бардык нерсе жакшылыкка болоруна ишенебиз».

Эскерте кетсек, 8-августка караган түнү Францияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков 97 килограмм салмак ченинде коло медаль үчүн египеттик Мохамед Габр менен беттешип, аны 2:1 эсебинде утуп алды.

Ал эми, 6-августта ал ирандык Мохаммадхади Саравиге 0:8 эсебинде утулуп калып, жарым финалга чыга албай калган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты