Ысык-Көлгө кичи теплоход чөгүп, мотор майы агып калган. Суунун үлгүсү алынды  

  • 2 недели мурун

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Алтын-Көл» пансионатында катуу толкундан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, көлгө май агып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, мониторинг бөлүмүнүн адистери жана туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жеринде иш алып барышты.

«Катуу шамалдан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, «мотор отсегине» (кемедеги атайын тосмо менен бөлүнүүчү жайда-ред.) суу толуп калган. Андагы суу атайын машина менен сордурулуп, тазаланды. Жеринен анализдер алынды жана анализдин жыйынтыгы менен кичи теплоходдун ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөт» деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлгө кичи теплоход чөгүп, мотор майы агып калган. Суунун үлгүсү алынды  
Ысык-Көлгө кичи теплоход чөгүп, мотор майы агып калган. Суунун үлгүсү алынды  
Ысык-Көлгө кичи теплоход чөгүп, мотор майы агып калган. Суунун үлгүсү алынды  

Сүрөттөр: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты