Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашуун карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

  • 16 часов мурун

18-сентябрда Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көлгө карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, республиканын балык чарба маанидеги көлмөлөрүн балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактары менен балыктандыруу иш-чарасы 13-сентябрда да жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Ысык-Көлгө жалпысынан 1 миллион 700 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилген. Министрлик мындай балыктантыруу иш-чаралары дагы улантыларын кошумчалады.

Сүрөт: Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты