Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен жол кайгуул кызматкери Бишкекке жеткирилди

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ысык-Көл облусунда унаа сүзүп кеткен кызматкери борбор шаарга жеткирилди.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Элистан Арзыбаев Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөп, жол тыгынын жөнгө салып жатканда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа сүзүп кеткен.

“Бул кызматкерибиздин ден соолугунун абалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө. Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берээр замат Бишкек шаарына алынып келинип, республикалык ооруканага жаткырылат. Кызматкерибиздин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлөт” деп айтылган буга чейинки маалыматта.

15-августта Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жол коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан инспекторду унаа коюп кеткен. Анын абалы оор экени айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кайгуул кызматкеринин абалы боюнча маалымат бере элек.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты