Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 40 куткаруучу тартылды

  • 2 месяца мурун

11-августта баштапкы маалымат боюнча,  Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз –Булак тилкесинде 4 турак үйдү, ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган.

Ошондой эле Булан-Соготтү айылында 1, ал эми

Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.

Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап , ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 27 куткаруучу жана шаардык жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Таңкы саат 04:20га карата селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл районунан жалпы 29 куткаруучу, 2 мотопомпа, ӨКМ Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 4 киши, Балыкчы шаарынан  7 куткаруучу, мотопомпа тартылган.

Жалпысынан 40 куткаруучу, 3 мотопомпа жеринде иштеп жатат.. Ысык-Көл районунун жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдк мэрия тарабынан  экскаватор, жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан  экскаватор,  жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты