Ысык-Көлдө сел жүрүп, пансионаттын эс алуучулары эвакуацияланды

  • 3 месяца мурун

5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты жана турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

ӨКМ билдиргендей, суу каптаган жерге куткаруучулар жана атайын техникалар тартылып, жергиликтүү тургундардын жардамы менен пансионатта эс алып жаткан 145 адам эвакуацияланган.

Каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланган. Ошондой эле Корумду айылындагы суу кирген 5 турак үйдүн анын ичинен 3 турак үйдүн жана 1 дүкөндүн жер төлөсүнө кирген суу сордурулуп берилген.

Эвакуацияланган эс алуучулар кайрадан «Нептун» пансионатына жайгаштырылып, иш-чара толук аяктаган.

ӨКМ 5-12-июль күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүү коркунучу бардыгын, дарыялардын деңгээли көтөрүлөрүн кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты