Ысык-Көлдүн түбүнөн 98 миң метр балык улоочу тор, 13 тоннага жакын таштанды чыгарылды
- 1 год мурун
- Видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көлдү тазалоону улантууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада 26-августта (жалпысынан 133 күндүн ичинде) Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянты тазаланып, көл түбүнөн 98 миң метр балык уулоочу тор, 12 тонна 800 кг таштанды чыгарылды.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!