Ысык-Көлдөн соңку үч күндө 12 миңдей мыйзамсыз салынган тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдар кызматы Ысык-Көлдө браконьерчиликке каршы күрөшүү жана синтетикалык балык улоочу торлорду тазалоо боюнча иш-чараларды улантып жатканын билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, тазалоо иштери түнү жана таңга маал дагы жүргүзүлүп, бир түндө эле 20га жакын тор табылууда.

Суук түшкөн учурда балыктардын урук чачкан учуру болуп жатканына карабай, браконьерлердин мыйзамсыз иш аракети күчөөдө.

Акыркы 3 сутка ичинде көлдөн 11900 метр тор чыгарылып, Экология кызматына өткөрүлүп берилгени белгиленди.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты