Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды эки киши уурдап кеткен жана зордуктаган  

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көлдө экинчи топтогу майыптыгы бар кызды эки киши уурдаган жана зордуктап кеткен.

Бул тууралуу кыздын жакындары социалдык тармакта билдирген.   

Кыздын жакындарынын белгилегени боюнча, кыздын айтымында 29-июлда аны Каракол базарынан эки экркек киши таксиге салып, Ак-Суу айылына уурдап кетишкен жана зордуктаган.  

Кызды эртеси күнү кашарга алып барып, камап, мал бактырып, тамак жасоого мажбурлашкан. Кыздын баш мээси чайкалып, буту сынып, денеси көк ала болгон. Кыздын жакындары аны Токтоян айылындагы жайлоодон табышкан. Ал эми уурдап кеткендер ошол күнү мас абалында болгон.  

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 2-августта милицияга 24 жаштагы майыптыгы бар кызын зордуктаган эки кишинин үстүнөн кыздын апасы, Каракол шаарынын тургуну арыз жазганын билдирген.

Бул кылмыш иши Түп райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси, зордуктоо боюнча иш козголгондугу маалым болгон.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты