Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында Аида Касымалиеванын ата-энеси көз жумду

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгында Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси каза тапты.  

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Мырзаева Бактыгүл дүйнөдөн кайтканын билдирди.

Бактыгүл Мырзаева – Аида Касымалиеванын апасы.  

Бактыгүл Мырзаевна 1956-жылы 15-мартта Ош облусунда туулган.

1977-жылы В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын китепкана жана библиография бөлүмүн аяктаган. Ал кесиптик даярдыктын бардык этаптарынан өткөн.

1977-жылдан баштап 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштеп баштаган. 1979-1982-жылдары Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмүдүн башчысы, 1993-жылы аталган китепкананын директору кызматында эмгектенген.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы сыяктуу маанилүү жана жоопкерчиликтүү кызматтарда эмгектенип келген.

Бактыгүл Мырзаевна 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.

Бактыгүл Мырзаеванын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 2018-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.

Кечээ, 17-июлда, Балыкчы-Каракол жолунун 59-чакырымында, Өрнөк айылында катталган жол кырсыгы бир нече адамдын өмүрүн алды.

Маалыматтарга караганда, жол кырсыгынан БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана жээнинин өмүрү кыйылды.  

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиевага көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты