Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Жапаров рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.  

Рекреация объекттери катары  пайдаланылган жер участоктору Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бериле тургандыгы белгиленген.

«Пляждык аймактарга кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө» президенттин 2022-жылдын 13-майындагы № 150  жарлыгына ылайык, пляж аймактарына кирүүгө чектөөлөр коюлбайт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты