Ысык-Көлдө чагылган түшүп, 60 кой кырылып калды

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда чагылган тийип 60дай кой кырылып калды. Бул тууралуу «24.kg» президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына таянып жазып чыгып, видеосун жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, окуя 15-августта Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылынын үстүндөгү жайлоодо болуп өткөн. Нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан учурда чагылган түшүп 60дай кой өлгөн. Ал эми чабан жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерге техника жете албагандыктан, койлордун өлүктөрүн алып чыгуу үчүн ветеринардык кызматтын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ал жакка жөнөтүлгөндүгү айтылды. Ошондой эле жергиликтүү бийликке жана ветеринардык кызматка атайын комиссия түзүп, окуя болгон жерге барып, сөөктөрдү көмүүнү уюштуруу тапшырмасы берилген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты