Ысык-Көлдө «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкеси аукционго коюлду

  • 17 часов мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкеси аукционго коюлду.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкесинин аянты — 23 700,0 чарчы метр.  Пансионаттын аймагында пляж бар. Аймак боюнча ысык булак түтүгү өтөт жана ага кошулууга болот. Аукциондун баштапкы баасы 548 583,3 сомду түзүп, ижара мөөнөтү — 5 жыл.

Аукциондун башка шарттары — «Алтын Булак» пансионатынын аймагындагы муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузуу, муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузууда коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыз кылуу. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пансионаттын курулушун жүргүзүү.

Бардык курулган курулуштар жана имараттар ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш (типтүү келишимдин 9-пунктуна ылайык — өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган ижарачы, ушул келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башкалардай болуп, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардан артыкчылыктуу укугу бар.).

Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген тизме боюнча жылына 50 орун өлчөмүндө жеңилдетилген шарттарды берүү.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты