Ысык-Көл: Зындан көлү жырылып, эки айыл тургундары эвакуацияланды

Бүгүн, 21-августта кечинде, Зындан тоо көлү жырылып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Андан улам Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.

Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Тоң районунун Эшперов, Аксай айылдарына 160 адам эвакуацияланды.   

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты