Ысык-Көл: Селдин кесепеттерин жоюуга 120 киши жана он чакты техника тартылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 12-августта, саат 09:00гө карата маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ƟКМ) 60 куткаруучу, 3 мотопомпа, мындан сырткары коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, мэриядан экскаватор, жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан экскаватор, эки жүктөгүч, жеке менчик эки самосвал, эки “Хово” тартылган.

Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатат.

11-августта Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суу көчөлөрдү каптады жана “Жүдөмүш” каналында сел жүрдү.

11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел каптаган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты