«Ысык-Көл» аэропорту тарапта учкучсуз учак кулады

Бүгүн, 14-августта, Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропорту тарапта учкучсуз учак кулап, ал жакта өрт болуп жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды. Аны эс алуучулар тарткан.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы «учак кулады» деген маалыматтарды четке кагып, бул учак эмес, учкучсуз учак болушу мүмкүн экенин билдирди.  

Баштапкы маалыматтар боюнча, анда жабыркагандар болгон эмес.

Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” учкучсуз учактарын сатып алган. “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында кандай учкучсуз учак кулаганы белгисиз.   

Сүрөт: Социалдык тармактардан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты