“Ырчыларга эч кандай гонорар төлөнбөйт.” Орунбековдон жооп  

  • 3 недели мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Эгемендик күнүнө карата орусиялык ырчылардын «Ала-Тоо» аянтында ырдашына каршы пикирин билдиргендерге Фейсбук баракчасында жооп берип, аларга эч кандай гонорар төлөнбөй турганын айтты.   

-Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатка орусиялык белгилүү ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик, Bosson ( One in a Million хитинин автору) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID катышат. Алар тууралуу кызыгып сурагандар бар, жооп берип кетейин. Ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар 100 жылдык мааракени куттуктап келишүүдө. Болгону жатакана жана тамак-аш менен гана камсыздайбыз.

Ырчылардын келүүсүнөн дагы кынтык издеп, түрдүү талкууларды жаратып жаткан досторго айтарым, майрамга жакшы маанайда катышып, концерт көрүп кетиңиздер,-деди Орунбеков.  

Эгемендик күнкү концертте швециялык ырчы Bosson, италиялык ырчы жана композитор  IN-GRID, Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, кыргызстандык ырчы Амирчик чакырылганы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Социалдык тармактарда эгемендик алган майрамга орусиялык ырчылар чакырылганына нааразы болгондор бар.

Буга чейин концерттик программаны демөөрчүлөр төлөй турганын “Клооп” агенттигине маданият министрлиги билдирди. Аларга канча каражат кете тургандыгы жана демөөрчүлөрдүн аты-жөнү аталган эмес.   

Сүрөттө: Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Стас Михайлов. Чеботинанын Инстаграмм баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты