Ynet: Израиль Иранга эскертүүчү сокку уруу мүмкүндүгүн карап жатат

  • 1 месяц мурун

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда башка маселелер менен катар Иранга эскертүүчү сокку уруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Израилдин Ynet маалымат порталы билдирди.

Бул вариант эгер чалгын маалыматтарында «Израилге кол салуу белгилүү бир жерде жасалары жүз пайыз ишенимдүү айтыла турган болсо» ишке ашары ыктымал экени белгиленди.

Израил бийлиги бул сокку АКШ жана Евробиримдик террорчу деп тааныган ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Хания менен «Хезболла» радикалдык исламчыл тобунун командири Фуад Шукрдин өлтүрүлүшүнө жооп иретинде болот деп болжолдоодо. Израил Ханияны өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Израил армиясынын өкүлү Даниел Агари Ирандын коркутууларына карабастан, инструкцияларга эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбегенин белгиледи.

The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен Иран Ханиянын өлтүрүлгөнү үчүн Израилден өч алууга убада бергенин жана 4-августта АКШ менен араб өлкөлөрүнүн бул реакцияны жумшартуу аракетинен майнап чыкпаганын жазды. «Биздин реакция согушка алып барабы же жокпу, бизге баары бир» дешти Иран бийлигинин өкүлдөрү.

Axios басылмасынын маалыматына караганда, АКШ Иран 5-августта Израилге сокку урушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты