«Ыйман» фондундагы 5 млн доллар боюнча ызы-чуу чыкты

  • 4 недели мурун

Кыргызстанда диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердиги боюнча жаңжал чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Анда айтылгандай, фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынганы айтылат.

Бул иштин алкагында уюмду 2019-жылга чейин жетектеген учурда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун жоопкерчилиги көтөрүлүшү мүмкүн экенин айткандар бар. Коомчулукта иштин «саясий өңүтү болушу мүмкүн» деген пикирлер бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты