WSJ: Согушта Орусия менен Украина миллионго чукул аскерин жоготту

  • 1 день мурун

2,5 жылга созулган согушта каза болгон жана жарадар болгон орусиялык жана украиналык аскер кызматкерлеринин саны миллионго жетти.

Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы украиналык булактарына жана Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянуу менен билдирди.

Басылма белгилегендей, так жоготууларды эсептөө кыйын, анткени Орусия да, Украина да расмий маалыматтарды жарыялабайт же көпчүлүктү ынандырбай турган сандарды беришет.

Украинанын жыл башындагы жашыруун эсеби боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курман болгон аскер кызматкерлеринин саны 80 миң, жарадарлардын саны 400 миң болгон.

Батыштын чалгын кызматтарынын орус тараптын жоготуулары боюнча эсептөөлөрү ар кандай: кээ бир булактардын айтымында, каза тапкандардын саны дээрлик 200 миңге, жарадарлардын саны 400 миңге жетет.

WSJ ири жоготуу Орусия үчүн көйгөйлөрдү жаратарын, бирок калкы азыраак Украина үчүн мындай жоготуу «бир кыйла кыйратуучу» экенин белгилейт.

Тездик менен өсүп жаткан жоготуу – согушка чейин калктын азайышы менен күрөшүп келген эки өлкө үчүн да узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет деп айтылат материалда.

Мындан тышкары согуш калктын эмиграциясына алып келгени белгиленген. Басылманын эсеби боюнча, 2022-жылдын февраль айында баскынчылык башталгандан бери 600 миңге жакын адам Орусиядан чыгып кеткен. БУУнун маалыматы боюнча, Украинада алты миллиондон ашуун адам жер которууга мажбур болгон.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты