Wildberries’тин кеңсесинде болгон жаңжалдын катышуучулары кармалууда, арасында Бакальчук да бар

  • 2 недели мурун

19-сентябрдын кечинде Москванын Басман райондук соту Wildberries компаниясынын кеңсесинде болгон, 2 адамдын өмүрүн алган жаңжалдын катышуучуларын камай баштаган. Бул тууралуу «Свобода» радиосу маалымдады.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрдын кечинде 6 адам камалган. Журналисттерди соттун имаратына киргизишпегендиги айтылды. «Свобода» РБКга шилтеме жасап, тергөө кеңседеги атышуу окуясы боюнча 27 адамды камоону талап кылып жатканын жазды.

Ошондой эле «Свобода» радиосу адвокаттар таянып, Wildberries компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчуктун кармалганын маалымдады.

«Ишкерге адам өлтүрүү, өлтүрүүгө аракет кылуу, укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу жана өзүм билемдик кылуу боюнча айып тагылган. Бакалчук ​​48 саатка камакка алынды, анын бөгөт чарасын сот карайт»,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда Кремлдин жанында, 900 метрде, “Романов- двор” бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон. Анда кеңсеге Владислав Бакальчук мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирген. Маалымат каражаттары бул атышуудан 2 киши каза болуп, ондогон адам жабырланганын жазып чыгышкан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты