Вьетнамда тайфундан каза болгондордун саны 200гө чукулдады

Вьетнамда «Яги» тайфунунан кеминде 197 киши каза болуп, 800дөй киши жаракат алып, жүздөн ашууну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Associated Press вьетнамдык маалымат каражаттарына таянуу менен жазат.

Каза болгондор негизинен — сел жана жер көчкүнүн курмандыктары. Суу жана баткак агындары көпүрөлөрдү бузуп, кишилерди, автоунааларды агызып, айрым учурда бүтүндөй айылды каптады. 50 миңдей адам эвакуацияланды, өлкөнүн жарымында мектептер жабылды. Жабыркаган аймактарда ичүүчү суу жана тамак-аш тартыш. Келтирилген зыян буга чейин ондогон миллион долларга бааланган.

Өлкөнүн борбору Ханой акыркы жыйырма жылдагы эң катуу суу ташкынын башынан кечирүүдө. Шаарда суу тизеге чейин жетип, тургундар кайыктар менен жүрүшөт.

«Яги» Вьетнамды акыркы 30 жылда каптаган эң күчтүү тайфун болуп калды . 7-сентябрда анын ылдамдыгы жээкте саатына 149 чакырымды түзгөн. Кийинчерээк шамал басаңдап, бирок өлкөнүн айрым аймактарында нөшөр дагы деле уланган. «Яги» Филиппинди, Кытайдын түштүк жээгин, Лаосту жана Мьянманы басып өтүп, ал жерде да курмандыктарга жана кыйроолорго себеп болгон.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты