Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келди

  • 3 часа мурун

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.   

Венгриянын премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.   

Расмий сапардын алкагында Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.  

Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышат.  

Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты