Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан эртең расмий сапар менен келет
- 1 день мурун
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан эртең, 5-ноябрда, Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Сүрөт: ТИМ
Муну бөлүшүү