Вебкам-студия иштеткендер жоопкерчиликке тартылат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кылмыш-жаза кодексине, укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Президенттин сайтында кабарлангандай, мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа, вебкам-студиялар аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Буга чейин вебкам-студиялардын мыйзамсыз иштери тууралуу ЖМКда, коомчулукта кеңири айтылып келген.  

Вебкамера моделдери тууралуу «ПолитКлиника» гезити жана маалыматтык-аналитикалык порталы 2016-жылы жазып чыккан. Бирок ал убакта  ИИМ, Бишкек ИИБи да буга эч кандай реакция жасаган эмес.  Ал тургай Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматынын кызматкерлери вебкамера моделдери тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирген.  Андан берки 8 жылда вебкамера моделдери же интернет сойкулардын саны Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча көбөйүп кетти.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты