V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Командалык эсепте Кыргызстан 2-орунга чыкты

  • 1 неделя мурун

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди

Алтын медаль ээлери:

— Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);

— Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);

— Эльза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).

Күмүш медаль ээлери:

— Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);

— Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);

— Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);

— Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);

— Кемал Оболбеков ( казак күрөшү, 55 кг);

— Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);

— Асель Садырова (салттуу жаа атуу);

Коло медаль ээлери:

— Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);

— Байбол Саламат уулу ( казак күрөшү, 66 кг);

— Искак Токонов (салттуу жаа атуу);

— Ажар Исаева (кураш, 70 кг).

Мындан сырткары, ата мекендик спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.

Ошондой эле, чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.

Сүрөт: Маданият министрлигинин соцтармак баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты