Уулу затты мыйзамсыз ташып бараткан…

  • 4 недели мурун

40 кг сымапты Бишкекке сатуу үчүн мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкекке сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Натыйжасында күч органдары Төө-Ашууда 1967-жылы туулган Г.Ж.А. аттуу жарандын унаасынан 40 кг сымап табып, жаранды кармашкан. Ал аны Бишкекте 8 миң долларга сатууну пландаганы аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты