Унутта калган облус: Нарында кош бойлуулуктан жана төрөттөн каза болгон энелердин саны көп

Унутта калган облус: Нарында кош бойлуулуктан жана төрөттөн каза болгон энелердин саны көп

Нарын — калкынын саны 300 миңге жетпеген Кыргызстандагы тоолуу регион. Калкынын саны аз болгонуна карабастан бул облуста медициналык кызматтар азыркы күнгө чейин бардыгына жеткиликтүү эмес. Ошондой эле бул аймакта энелердин өлүмү көп катталат.

“ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери Нарында эмне себептен энелердин өлүмү көп катталарын сандардын негизинде аныктоого аракет кылды.

Нарын районунун тургуну Мирлан Давлетовдун жубайы 2016-жылы төрөттөн кийин каза тапкан. Мирландын айтымында, бул жубайынын үчүнчү төрөтү болгон жана алар айылдык ооруканага каттоого туруп, көз жарганга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. 

Дарыгерлер кош бойлуулуктун акырына чейин жеке китепчеде эненин жана түйүлдүктүн саламаттыгы жайында деп жазып беришкени менен, төрөткө келгенде эненин абалы кескин начарлап, операция жолу менен төрөткөнгө туура келген. Төрөттөн кийин эне комага түшүп, сегиз күндөн кийин каза тапкан.

Райондук оорукананын дарыгерлери маркумдун бөйрөгүндө көйгөйлөр болгонун айтышкан.

Кыргызстанда Мирландын жубайына окшоп кош бойлуулукка жана төрөткө байланыштуу көз жумгандардын саны жыл сайын орточо эсеп менен элүүгө чамалайт. Мындай көрсөткүч менен Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында энелердин өлүмү боюнча биринчи орунду ээлейт. 

Кыргызстандагы кырдаал бир топ курч экени көрүнүп турат. Бирок Нарын облусунда абал мындан алда канча коркунучтуу. Тактап айтканда, 2021-жылы өлкө боюнча жалпы 50 эне кош бойлуулуктан жана төрөттөн улам каза болсо, анын сегизи калкынын жалпы саны 300 миңге жетпеген Нарын облусунда катталган.

Медициналык кызматтар жеткиликсиз, дарыгерлер жетишсиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, энелердин өлүмүнүн көп катталуусунун бирден бир себеби — сапаттуу медициналык-санитардык жардамдын жетишсиздиги. 

Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Нарын облусунда калктын 10%ы үчүн медициналык кызматтар жеткиликсиз. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков аталган аймакта медициналык кызматтардын жеткиликтүү болбой жатканынын себебин дарыгерлердин жетишсиздиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Нарын облусунда учурда ар түрдүү профилдер боюнча 154 дарыгер жетишсиз. Айрыкча, акушер-гинеколог, педиатр, неонатолог, балдар невропатологу, анестезиологдорго муктаждык жогору.

14 миң адамга бир профилдик дарыгер

ДССУнун маалыматына ылайык, энелер көпчүлүк учурда кош бойлуу кезинде, төрөт маалында жана андан кийин пайда болгон кошумча оорулардын (осложнение) натыйжасында көз жумат. Уюмдун маалыматы боюнча, мындай кошумча оорулардын кээ бири бойго бүтө электе эле пайда болуп, эне медицина кызматкерлеринен тиешелүү жардам албаган болсо, кош бойлуу маалында өрчүп кетет. 

Нарын облусунда кош бойлуу аялдарга кызмат көрсөтчү акушер-гинекологдордун саны өлкө боюнча эң аз. Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылга карата берген маалыматына ылайык, Нарында 100 миң адамга жети гана акушер-гинеколог туура келет. 

Дарыгерлердин жетишсиздигинен улам энелердин каза тапканына байланыштуу жумуштан алынган адистер кайра ишине кайтып келген учурлар дагы кездешет.

2018-жылы Ат-Башы районунда 36 жаштагы Бааркүл Сатындиева аттуу келин төрт айлык боюнда бар кезинде райондук ооруканада каза тапкан. Маркумдун туугандары эненин өлүмүнө гинекология бөлүмүнүн кызматкерлерин күнөөлөшкөн. 

Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору Илим Бейшеналиев “Азаттык” радиосуна  маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүгө макул болбогондуктан окуяга ким күнөөлүү экенин аныктоо мүмкүн болбогонун билдирген.

Бирок бул окуяга байланыштуу эки дарыгер кызматынан бошотулуп, кийин дарыгерлердин тартыштыгына байланыштуу экөө тең кайра ишине кайтып келишкен.

Каарманыбыз Мирлан Давлетов дагы жубайынын өлүмү үчүн эненин абалы тууралуу жеке китепчеге “баары жакшы” деп жазып жүргөн айылдык акушер-гинекологдорду жоопкер деп эсептейт. Бирок бул иш боюнча дагы эч кандай иликтөө жүргөн эмес. 

Арыздандык, бирок иш козголгон жок. Айылдаштар дагы “жумуштан албагыла, бизде дарыгерлер жок” деп, ошону менен калып калды. Айылдагы эки дарыгер бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3000 сомдон берип турушту”, — дейт Давлетов.

Ар бир жүз баланын бирөө төрөтканадан тышкары төрөлөт

ДССУ төрөттүн квалификациялуу дарыгерлердин көзөмөлүндө өтүүсү маанилүү экенин белгилейт. Себеби, өз убагында берилген медициналык жардам эне менен баланын жашоосун сактап калат. Бирок Кыргызстанда энелер дарыгерлердин көзөмөлүсүз, төрөтканадан тышкары көз жарган учурлар дагы деле кездешет. Мындай учурлар эң көп Нарын облусунда катталат. Мисалы, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Нарында төрөттөрдүн 0,9%ы төрөт үйүнөн сырткары кабыл алынган.

Облустук оорукананын директору Чыңгыз Нарынбеков төрөтканадан тышкары төрөгөндөрдүн санынын көп болуусуна элдин менталитети себеп болуп жатканын айтты. 

Бул жерде дарыгерлердин күнөөсү жок. Бул жерде ар бир адамдын жоопкерчилигин караш керек. Кээ бирөө унаа таппай калышы мүмкүн. Кээ бири үйдө жумуш деп отуруп, жетишпей калат”, — деди дарыгер.

Ал облустагы төрөтканалардын абалы начар экенин кошумчалап, шарттардын начардыгынан өлүмдөрдүн саны дагы көп болуп жатканын белгиледи: 

Төрөтканалардын имараты боюнча айтсам, Нарын облустук төрөтканасы авариялык абалда турат. Буга эч ким көңүл бурбайт. Мен долбоор жазып, өкмөткө бердим. Өкмөт быйыл дагы акча каралган жок деп койду. Эмнеге өлүм көп болуп жатат? Себеби, шарттар жок. Төрөтканалардын баары Советтер Союзу маалында салынган. Бул жерде көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын талап кылардан мурун биринчи шарттарды түзүп берүү керек. Татыктуу эмгек шарттары болсо, анан бир нерсе талап кылса болот. Бизде талап АКШ менен Европадагыдай, а шарттар Африкадагыдай”.

Нарынбеков энелердин өлүмүнүн алдын алуу үчүн алгач медицина жаатындагы инфраструктура жакшыртылышы керек экенин белгилеп, буга өкмөт жооптуу экенин кошумчалады. 

Анемиядан жабыркаган аялдар көп

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму билдиргендей, анемия кош бойлуу аялдарда эненин жана ымыркайдын өлүмүнүн тобокелчилигин жогорулатат. 

Ал эми Кыргызстанда репродуктивдүү курактагы ар бир үчүнчү аял анемиядан жабыркайт. Анын ичинде Нарында дагы ошондой эле көрүнүш байкалат. Мындай көрсөткүч менен Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында анемия менен жабыркагандардын саны боюнча дагы биринчи орунду ээлейт. 

ДССУ энелердин өлүмүнүн алдын алса болорун белгилейт. Ал үчүн ар бир аял кош бойлуу кезинде дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, төрөт маалында жана төрөттөн кийин бир нече жума дарыгерден квалификациялуу жардам жана колдоо алышы керек.


Автор: Чынаргүл Жумабекова

Иллюстрация: Angelica Alzona, The New York Times

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты