«Унаа» мекемесинин директору жана бир нече кызматкери кармалганы кабарланды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармашты.

Бул тууралуу 24.kgге укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

23-сентябрда мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында директор, анын орун басары, айдоочу жана үч кызматкер кармалган.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы экзамендерди өткөрүүгө байланыштуу экени айтылды.

УКМК кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылууда.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты