Улуу Британияда балдарга кол салынып, бирөө каза тапты

  • 2 месяца мурун

Улуу Британиянын Саутпорт шаарында белгисиз киши жергиликтүү тургундарга, анын ичинде балдарга бычак менен кол салды. Жыйынтыгында бир бала каза болуп, дагы сегиз киши түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Полиция кол салууга шектүү кармалганын билдирди. Жергиликтүү Liverpool Echo басылмасы аты-жөнү айтылбаган киши балдардын спорттук клубуна кирип, андагы адамдарга бычак менен кол салганын кабарлады.

Тез жардам кызматы бычактан жаракат алган сегиз киши ооруканага жеткирилгенин билдирди. Liverpool Echo жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, жараат алган балдардын бири ооруканага бара жаткан жолдо каза болгонун жазды.

Британиянын Metro гезити кол салуу балдарга йога жана бий боюнча сабактар өтүлө турган клубда болгонун кабарлады.

Илююстрациялык сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты