Улуттук команданы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатуу аземи болуп өттү

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатуу аземи болуп өтүп, ага Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Узатуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: «Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет»,-деп сүйлөгөн.

Андан кийин Жапаров курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга Мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалаган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бул жылы 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты