Улуттук илимдер академиясынын имаратынын ремонту ноябрдын аягында бүтүрүлүшү керек   

  • 3 дня мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жана Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборун капиталдык ремонттон өткөрүү иштери менен таанышты.  

Бул тууралу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.    

Маалыматта белгиленгендей, Улуттук илимдер академиясында жүрүп жаткан капиталдык оңдоп түзөө иштерине 497 млн сом каралган. Жалпысынан 29 миң чарчы метр имаратты жана сырткы көрүнүшүн жасалгалоо керек. Капиталдык ремонттоо иштерин 2024-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүү тапшырмасы коюлган.  

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун капиталдык оңдоп түзөө иштери менен таанышты. Жалпысынан 460 млн сомдон ашуун каражатка жасалып жаткан ремонт иштери, борбордун Бишкектеги жана Төө-Ашуу белиндеги имараттарында жүргүзүлүүдө.  

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты