Улуттук банктын төрагасынын эки орун басары кызматынан бошотулду

  • 3 недели мурун

Улуттук банктын төрагасынын эки орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Президенттин администрациянын маалыматында мындай деп айтылат:

«Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду» деп айтылды кабыл алынган чечимге байланыштуу.

Мындан тышкары, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды.

Сүрөттө% Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты