Улуттук банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлыгы миллион сомдон ашат. Депутат маселе көтөрдү

  • 2 месяца мурун

Улуттук банктын  Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 2023-жылы ай сайын 1 миллиондон ашык айлык алып турган.

Бул билдирүүнү депутат Элдар Абакиров парламентте Улуттук банктын 2023-жылга карата отчётун угуу учурунда айтты.

Эльдар Абакировдун айтымында, өткөн жылы Улуттук банктын Директорлор кеңешинин 7 мүчөсүнүн  жалпы бонусу 84 миллион сомдон ашкан.

Бул маалыматтар Улуттук банктын отчётунда жазылып тургандыгын, ошондой эле “Акчабар” сайтына да чыгып, шайлоочулар суроо берип жаткандыгын айткан.

“Албетте, жогорку кесиптеги профессионалдар жакшы айлык алышы керек. Бирок, айына миллион сом жөнөкөй мугалимдин айлыгынан 40 эсе чоң болуп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматында Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 25 миң сом. 5-10 эсе болсо, мейли, 40 эсе ашыкча го дейм”деди депутат Абакиров.

Бүгүн, 27- июнда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев берген Кыргыз республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны тарабынан жактырылган.

Сүрөттө: Депутат Эльдар Абакиров. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты