Улуттук банк жарандарды соцтармак жана мессенджерлердеги шылуундардан сак болууга чакырды

  • 3 месяца мурун

Улуттук банк социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу аталган банктын жана Кыргызнефтегаздын атынан акча каражаты берилет деп тарап жаткан маалыматтарды төгүндөп, жарандарды шылуундардан сак болууга чакырды.

Башкы финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, шылуундар телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, жарандарды шилтеме аркылуу Улуттук банк жана Кыргызнефтегаздын атынан 50 миң сом өлчөмдө акча каражаттарын алууга чакырышкан.

«Анын натыйжасында шилтемеге кирген жарандар жеке банктык маалыматтарын алдамчылардын колуна өткөзүп берүү коркунучу турат. Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар«, — деп жазылат маалыматта.

Улуттук банк жарандарды жеке маалыматтарын, карта номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун, SMS аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга бербөө керектигин эскертти.

Ошондой эле, текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбөө, шилтеме аркылуу ачылган жерлерге жеке маалыматтарды жана карта реквизиттерин жазбоо керек экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты