Улуттук банк соцтармактарда жалган утуштар (розыгрыш) өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу эскертти

  • 2 дня мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы социалдык тармактарда белгисиз адамдар аталган банк акчалай утуш өткөрүп жатат деген жалган маалымат таратып жатышканын билдирди. Мекеменин маалыматында жалган «розыгрышта» жарандар шилтеме аркылуу өтүп, жеке маалыматтарын каттаган учурда гана акчалай сыйлык утуп алуусу мүмкүндүгү жөнүндө айтылган.

Буга байланыштуу Улуттук банк эч кандай утуштарды өткөрбөй тургандыгын жана лотереяларды ойнотпой тургандыгын, ошондой эле аларды уюштуруу иштерине катышпай тургандыгын билдирди.

«Шектүү шилтемелерди ачуудан жана ага жеке маалыматтарды киргизүүдөн алыс болуңуз. Алдамчылардын максаты – акча каражаттарыңызга жетүү жана уурдоо!»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк жеке адамдарды тейлөө ишин жүзөгө ашырбайт, жарандарга эсеп ачпаарын жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй тургандыгы айтылды.

«Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылып калсаңыз бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууңуз зарыл»,-деп билдирди Улуттук банк.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты