Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды 

  • 3 недели мурун

Улуттук банк башкармалыгы 26-августта эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 27-августтан тартып күчүнө кирет. 

Улуттук банктын билдирүүсү боюнча, өлкөдө жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүшү төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган.  

2024-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү реалдуу мааниде алганда 8,7 пайызды түзгөн.

Бул шарттарда кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге каралган инфляция факторлоруна баа берүүнү эске алып, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калырды.

Улуттук банктын учурдагы баа берүүлөрү боюнча 2024-жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү күтүлөт.  

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Улуттук банк башкармалыгынын кийинки отуруму 28-октябрда өтөт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты