Улуттук банк эсептик ченди 9,00 пайыз деңгээлинде калтырды 

  • 2 месяца мурун

Улуттук банк башкармалыгы 29-июлда эсептик ченди (негизги ченди) 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, 2024жылдын июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү 4,2 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын жылдык өсүш арымы 0,6 пайыз, азык түлүктөн башка товарларга – 7,4 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө – 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды.  

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык субъекттердин жогору керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын 8,1 пайызга өсүшүн шарттады.

Экономиканы кредиттөө 9,0 пайызга өскөндүгү байкалды (2024-жылдын биринчи жарымы), алар негизинен калкка керектөө максаттарына берилген.

Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалган, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чендеринин төмөн чегинде калыптанган.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки план чегинде отуруму 26-августта өтөт. 

Сүрөт: Улуттук банк

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты