Улуттук банк Батыштын «кара тизмесиндеги» банктар менен кызматташууну токтотууну эскертти

  • 4 недели мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга Батыштын, анын ичинде Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциялык тизмесиндеги банктар менен кызматташууну токтотууну эскертти. Бул тууралуу Tazabek сайты Улуттук банктагы ишенимдүү булактарына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга негизинен Орусиянын «Сбербанк», «МТС Банк», «Тбанк» (Тинькофф) жана «НСПК» улуттук төлөм системасынын оператору менен кызматташпоо талабы коюлган. Башкы регулятор коммерциялык банктардан эл аралык санкцияга туш келген банктар жана уюмдар менен эч кандай операция жүргүзбөөнү талап кылып, экинчи даражадагы санкцияларга илинип калбоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Ошол эле учурда кардарларына жана контрагенттерине көзөмөлдү күчөтүүнү, алардын санкциялык тизмеде жоктугун текшерүүнү күчөтүп, өзгөчө «кара тизмеге» кабылуу ыктымалдыгы жогору болгон кардарларынын операцияларын тыкыр текшерүүгө алууну өтүндү.

Мындан тышкары коммерициялык банктарга бардык эл аралык акчалай операцияларда арам акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого каршы мыйзамдардын жана эл аралык санкциялардын алкагында көзөмөл жургүзүү милдеттендирди.

19-августта Кыргызстандагы Мбанк («Кыргызстан») 16-августтан тартып Орусиянын бир катар банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу, белгисиз мөөнөткө токтотконун жарыялады.

13-августта түштүк Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялаган. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларынан сактануу аракети менен байланыштырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты