Улуттук банк акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салууну сунуштады

  • 4 недели мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы мобилдик банкинг тиркемелериндеги акча которуулар үчүн комиссия алууну банктарга тыюу салууну сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. Бул тууралуу «24.kg» жазды.

Маалыматта айтылгандай, банктар жана төлөм уюмдары банктык эсептерге аралыктан жетүүнү камсыз кылып, кардарларына ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү сунушташат. Башында тиркемедеги бардык кызматтар акысыз, ал эми кийин банк кардарларын көбөйтүп алгандан кийин комиссияларды киргизишет. Муну менен алар кызмат көрсөтүүнүн жагымдуулугун төмөндөтүп, кардарларды четке кагышат деп айтылат маалыматта.

Мисалы, банктар ортосунда Элкарт картасын колдонуу менен өлкө ичинде которуулар үчүн комиссиялар 150 сомго чейин, улуттук валютадагы VISA картасы үчүн — 250 сомго чейин же 1 пайызга, чет өлкөлүк валютада — 0,1ден 1 пайызга чейин болушу мүмкүн.

Долбоордун максаты — мобилдик тиркемелер аркылуу банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана популярдуулугун арттыруу экендиги айтылды. Ошондуктан токтом долбоорунда улуттук валютадагы акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салуу сунушташууда.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты