Улан Ниязбеков: «Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жогорку деңгээлде жүргүзүлсүн»

  • 4 месяца мурун

12-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан алты айлыкты ийгиликтүү жабуу жана жүргүзүлүп жаткан коопсуздук иш-чаралары тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун жакшыртып, кылмыштын келип чыгуу себептерине бөгөт коюу, санарип тармагын өнүктүрүп, жарандардын коопсуздугун жаңы деңгээлге чыгаруу, өздүк курамга иштөө шарттарын түзүп, ар бир ички иштер бөлүмү калыстыктын жана адилеттиктин жайы болуусуна басым жасоо жана кызматкерлердин таалим-тарбиясын чыңдап, жарандарга ак ниет кызмат кылган кадрларды түптөп, элдин ишенимин жогорулатуу зарыл экендигин баса белгиледи. «Азыркы мезгилде, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барууга, айыл өкмөттүн, акимдин, мэрдин коопсуздукка көңүл буруп, иш алып баруусун жеринде тариздеп, ишмердигине баа берүүгө баарыңыздарда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, кайсы гана аймакта болбосун коопсуздук туруктуу деңгээлде камсыздалмайынча, ал жерде эч качан өнүгүү болбойт. Чет элден келген инвестор болобу, жергиликтүү бизнесменби же чакан ишкерби – алардын баары коопсуздукка көңүл бурушат.

Андыктан, өзүңүздөр жооптуу болгон аймактарга видеокамераларды орнотуп, шарттарды түзүп, кызматкерлердин иштөө ыкмасын жаңы деңгээлге чыгарып, “Коопсуз район”, “Коопсуз облус” деген долбоорлорду түзүп, иш алып барууну табыштайм. Ушул кадамдардын баары “Улуттук планда” белгиленген жана аны кынтыксыз аткарууга милдеттүүсүздөр. Талдоо боюнча караганда, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыздоо тенденциясы жаман эмес. Бирок, түзүлгөн шарттарды туура пайдаланууга чамасы жетпей, мыйзамдагы милдеттерди так аткарбаган жергиликтүү ички иштер башкармалыктары жана бөлүмдөрү бар.

Катталган кылмыштардын бетин ачуунун реалдуу деңгээли, жарандарга келтирилген чыгымдар, сервистик тейлөөнүн натыйжасы, коомдук тартипти чыңдоо чаралары, жол коопсуздугу, элдин турмуш-тиричилигине зыян келтирген фактылардын бетинин ачылышы, санарип тармагын өнүктүрүү жана башка бардык багыттар боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну буйрук кылам. Азыркы мезгилде дүйнө жүзүндө болуп жаткан террордук актыларды жана ар түрдүү кырдаалды интернет социалдык тармактарынан байма-бай көрүп жатасыздар. Жүргүзүп жаткан иш-чаралар кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен гана чектелбестен, жарандардын коопсуздугун ар тараптуу камсыздоо багыттарында иш алып барууну талап кылам. Баарынан мурда адамдар көп жүргөн жерлерде, анын ичинде чет элдик жарандар жашап, окуп, эмгектенген участоктордо жалпыга бирдей болгон эрежелердин сакталышына катуу көңүл бурулсун. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана күч түзүмдөрү менен бирге атайын “коопсуздук алгоритми” иштелип чыксын. Алгоритмге массалык коопсуздукка байланыштуу маселе жаралган учурда, кайсы орган эмне жумуш алып барышы керектиги так көрсөтүлсүн. Мамлекеттик органдардын өз-ара байланышы жана биргеликте ыкчам таасир берүү тартибин тез арада колго алышыбыз керек»,-деди Улан Ниязбеков.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты