Укук коргоочулар Монголияны Путинди камакка алууга үндөштү

  • 2 недели мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен Монголияга барды. Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Алар Путинди салтанаттуу түрдө тосуп алуу учуру тартылган видеолорду таратышты.

Бул Путиндин эл аралык кылмыш сотунун Рим статусун ратификациялаган өлкөгө – Монголияга өзүн камакка алууга ордер берилгенден бери биринчи барышы. Орус президенти украиналык балдарды Киев көзөмөлдөбөгөн аймактарга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө айыпталган.

Буга чейин Путин 3-сентябрда Монголияга барып, Халхин-Гол дарыясында советтик жана монгол аскерлеринин жапон куралдуу күчтөрүн биргелешип жеңгендигинин 85 жылдыгына арналган иш-чараларга катышары айтылган. Аны өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурелсух чакырган.

Human Rights Watch сапардын алдында жасаган билдирүүсүндө Монголия Владимир Путиндин бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салышы керек же ал өлкөгө кирсе, Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордеринин негизинде аны камакка алышы зарыл деп билдирди.

Укук коргоочулар Монголия анын өлкөгө киришине уруксат берсе, ал жактан камакка албаса, Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү катары эл аралык милдеттенмелерин бузарын белгилешүүдө. Human Rights Watch уюмунун айтымында, Путинди кабыл алуу – орус күчтөрүнүн курмандыктарын таарынтып гана койбостон, мыйзам үстөмдүгүнүн маанилүү принцибине да шек келтирет.

Bloomberg маалымдагандай, Улан-Батор Путинди өлкөгө келгенден кийин кармабай турганына ишендирген.

Монголия 2003-жылы Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү болгон. Келишимге ылайык, өлкө сот менен кызматташууга, анын ичинде анын аймагына кирген шектүүлөрдү кармап, өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Rights Watch уюму өткөн жылдын август айында Путин Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган Түштүк Африкада өтүүчү БРИКСтин лидерлеринин жылдык саммитине катышышы керек болгонун эске салат. Орус президенти сапарынан баш тартууга мажбур болгон.

Ал арада Change.org платформасында Согушка каршы укук коргоо коалициясы монгол бийлигин Путинди кармоого чакырды. Документке кол койгондордун арасында орусиялык оппозиционер Владимир Кара-Мурза, филантроп Борис Зимин, актёр Артур Смолянинов, журналист Евгений Киселев бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты