Укук коргоо уюмдары Борбор Азия өлкөлөрүн кыйноолорго каршы чара көрүүгө чакырды

  • 2 месяца мурун

26-июнда белгиленген кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүндө бир нече укук коргоо уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн кыйноолорду токтотуу үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө чакырышты.

Казакстандагы жана Тажикстандагы кыйноолорго каршы коалиция, Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциация, Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду жана Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмдары биргелешкен билдирүү жасап, чөлкөмдөгү беш өлкөдө кыйноо көрүнүшү кеңири жайылганын, ага катышкандар жазасыз калып жатканын белгилешкен.

«Өзгөчө камактагыларды жана саясий негиздер менен кармалгандарды кыйноого алуу маселеси курч турат. Кагазда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарына бир катар жакшы өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан, иш жүзүндө аймактагы мамлекеттер бул көйгөйдү чечүү үчүн жетиштүү чараларды көрбөй келишет» деп жазылган билдирүүдө.

Укук коргоочулар Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин кыйноолор боюнча жүздөгөн арыз түшкөнүн, бирок козголгон кылмыш иштеринин көбү жабылып, күнөөлүүлөр аныкталбаганын белгилешти. Алардын айтымында, бийлик жүргүзгөн тергөө иштери эл аралык стандарттарга жооп берген эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, Январь окуяларында 238 киши каза болуп, миңдеген адам кармалган. Кийин алардын ичинен жүздөгөн киши камакта отурганда кыйноого кабылганына даттанышкан.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Январь окуялары бир жактуу тергелгенин билдирген. Нааразылык акциялардын катышуучуларына карата 1 200гө жакын айыптоо өкүмү чыгып, ошол эле маалда ондогон гана укук коргоо кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Мындан тышкары биргелешкен билдирүүдө өткөн жылы Тажикстандагы кыйноолорго каршы жарандык коалицияга кыйноолор боюнча 16 арыз келип түшкөнү жазылган.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2023-жылы Тажикстанда укук коргоо органдарынын беш кызматкери «Кыйноо» беренеси менен абакка кесилген.

Билдирүүнүн авторлору ошондой эле чет өлкөлөрдөгү саясий оппозициянын өкүлдөрү менен өкмөттү сындаган жарандардын күч менен Тажикстанга алып келинип жатышына тынчсыздануусун билдирген. Укук коргоочулардын пикиринде, алардын көбү мекенинде кыйноого жана катаал мамилелерге кабылышы мүмкүн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты