Украинанын аскердик жана мамлекеттик кызматкерлерине Telegramды колдонууга тыюу салынды

  • 2 недели мурун

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши аскердик жана мамлекеттик кызматкерлерге Telegramды кызматтык телефондордо колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда Улуттук киберкоопсуздук координациялык борбору Telegram мессенджеринин “мамлекеттик мекемелерде, аскердик түзүлүштөрдө жана маанилүү инфраструктуралык объектилерде” колдонулушун чектөө чечимин кабыл алган.

Украинанын Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов “Орусиялык чалгын кызматтары Telegram колдонуучуларынын жеке кат алышууларына, жада калса өчүрүлгөн билдирүүлөргө, ошондой эле алардын жеке маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенине негиздүү далилдер бар” деп билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты