Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба отставкага арыз жазды

  • 2 недели мурун

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба отставкага кетүү тууралуу арызын Жогорку Радага тапшырды.

Бул тууралуу “РБК Украина” украин парламентинин спикери Руслан Стефанчуктун Фейсбуктагы билдирүүсүнө таянуу менен билдирди. Ал Кулебанын арызы алдыдагы пленардык жыйындардын биринде караларын жазган.

Буга чейин Кулеба кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын «Украинская правда» басылмасы президент Владимир Зеленскийге жакын булактарына таянып жарыялаган. Басылманын маектештери Кулебанын ыктымал мураскери анын биринчи орун басары Андрей Сибига экенин айтышууда.

Кулеба бул боюнча комментарий берген жок. Ал 2020-жылдын мартынан бери Украинанын тышкы иштер министри болуп иштеген.

3-сентябрда Украинанын Жогорку Радасына үч министр – өнөр жайдын стратегиялык тармактары боюнча башчысы Александр Камышин, юстиция министри Денис Малюска жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары министри Руслан Стрелец кызматтан кетүү тууралуу арыз тапшырган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты