Украинадагы согуштун шартында кыргыз жарандыгын алган орустар кескин көбөйдү. Дата анализ

*Материалдын оригиналы «МедиаХабдын» Ютуб каналында жарыяланган

Орусиялык Артём Шумейко 2022-жылдын 31-декабрында кыргыз жарандыгын алды. Ага чейин Шумейко Бишкекте “Культ Авто” жана “Ай трейд ко” деген эки компания ачып жетишкен. Расмий документтерде фирмалар автоунааларды сатуу жана сатып алуу менен алектенгени көрсөтүлгөн.

Шумейко Инстаграм баракчасында “Культ Авто” Телеграм каналына шилтеме калтырган. Компания Германия, Корея, Япония, АКШ жана Кытайдан автоунааларды ташып келип, Орусиянын ар кайсы аймагына жеткирет. 

Эмне болуптур деген суроо туюлушу мүмкүн. Украинада согуштун башталышы менен Евробиримдик, АКШ жана Япония Орусияга автоунааларды импорттоого санкция киргизген. Өлкөгө баасы 50 миң доллардан ашкан унааларды импорттоого тыюу салынган. Шумейко унааларды Кыргызстан аркылуу Орусияга ташыса, санкцияларды айланып өткөн болот. 

31-декабрда Шумейко менен бирге Орусиянын 238 жараны Кыргызстандын жарандыгын алган. Алардын арасында эки компанияны негиздеген Дмитрий Кузьминский да бар. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, анын “Нордик Медикал” компаниясы фармацевтикалык продукцияны дүңүнөн сатуу тармагында иш алып барат, ал эми «Бажы биримдигинин уруксат кагаздарын берүү борбору» техникалык сыноолорду өткөрөт жана көзөмөл жүргүзөт. Учурда компаниялар эмне менен алектенери белгисиз, бирок Орусиянын фармацевтика тармагы да санкцияларга кабылганы ырас.

Биз 2022-жылы кыргыз жарандыгын алган орусиялыктардын тизмесин карап чыктык. Алардын ондон ашыгы Кыргызстанда IT, жүк ташуу жана соода-сатыкка байланышкан ар кандай ишканаларды ачкан.

«Керек болуп калар»

2022-жылдын ноябрь айында Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин да кыргыз жарандыгын алган. Ал Фейсбуктагы баракчасында Менеджерлер ассоциациясынын президенти экенин белгилейт. Зеленин уюмдун иш-чараларына активдүү катышып, сүрөттөрүн жарыялап турат. Баракчада Кыргызстан тууралуу бир да сөз кылган эмес. Кыргызстандын жарандыгын алган соң Орусияга кайра кайткан. 

Кыргыз паспортун мурдагы комиссар, кремлчил “Наши” кыймылынын басма сөз катчысы, фамилиясын Бухер деп өзгөрткөн Мария Дрокова (Бухер) да алган. Фейсбук баракчасында Дрокова жашаган жерин Сан-Франциско деп көрсөткөн. Акыркы жазгандары англис тилинде.

Биз Бухерди Кыргызстан менен эмне байланыштырат деп издеп көрдүк, бирок эч нерсе таба албадык.  

«МедиаХаб» president.kg сайтында жарыяланган 2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча жарлыктарды изилдеди. Жалпысынан* акыркы 5 жылда 22 947 адам Кыргызстандын жарандыгын алган жана бул аралыкта берилген жарандыктардын жок эле дегенде үчтөн бири 2022-жылга туура келет. 

*Биздин анализге жарандык алган жаш балдардын айрымдары кирген жок, бирок чоң кишилердин баарын эсептедик. 

Жарандык алуу арызын жазганда, арыз ээси туулган өлкөсүн көрсөтөт. Анализ көрсөткөндөй, жарандыкты көбүнчө Тажикстанда төрөлгөндөр алышат. Кыргыз жарандыгын алгандардын арасында мурдагы советтер союзуна кирген өлкөлөрдө төрөлгөндөр бар. Ошондуктан алардын туулган жери Тажик ССРи, Өзбек ССРи, Кыргыз ССРи, РСФСР, Казак ССРи деп көрсөтүлгөн. 

Паспорт алууда экинчи орунду Өзбекстандын жарандары ээлейт. Андан кийин, Кыргызстанда жана Кыргыз ССРинде туулгандар турат. Булар бир кезде жарандыктан чыккан Кыргызстандын мурдагы жарандары, же союз маалында төрөлгөндөр экенин түшүнүү керек. Кыргыз жарандыгын алгандар боюнча төртүнчү орунда Орусияда туулуп-өскөндөр турат.

Жарлыктарда арыз берүүчүнүн кайсы улуттан экени дагы көрсөтүлөт.

Акыркы 5 жылда берилген жарандыктын 75%ы этникалык кыргыздарга туура келет. Андан кийин жарандыкты өзбектер, анан орустар алган.

Демек, кыргыз паспортун алган Тажикстандын жарандары – бул этникалык кыргыздар. 2021-жылы коңшу өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын арасында кыргыз паспортуна суроо-талап күчөгөн. 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгын Тажикстанда туулган 3786 киши алган. Алардын дээрлик бардыгы этникалык кыргыздар.

Тажикстандагы этникалык кыргыздардын мындай агымы чек арадагы акыркы эки жылда болуп өткөн куралдуу кагылышууларга байланыштуу болушу ыктымал. Чек ара жаңжалдарынан кийин Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси бир топ начарлаган.

2021-жылы 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында эң ири куралдуу кагылышуу болгон. Жаңжал учурунда Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашык адам эвакуацияланып, 36 адамдын өмүрү кыйылган.

Баткен окуясынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, аба каттамдарын да токтоткон. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин “аскердик агрессия” деп атаган. Баткендиктерге кол салуу боюнча Кыргызстандын көз карандысыз юристтери жана укук коргоочулары Гаага сотуна кайрылышкан.

2022-жылдын сентябрында жаңжал кайталанып, тарыхтагы эң ири жана эң кандуу болуп калды. Куралдуу кагылышуу учурунда 63 кыргызстандык набыт болду. Ошол күнү 140 миң адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткенде 500дөн ашык үй өрттөлүп, негизинен Ворух анклавы менен чектеш эки кыргыз айылы талкаланды.

Чыр-чатакка чейин эле Кыргызстанда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашап келген. Алар саясий кырдаалдан улам коңшу өлкөгө кайтуудан кооптонуп, биринчи кезекте жарандык алууга шашкан.  Журналисттерге курган маегинде этникалык кыргыздар Тажикстанда аларга кысым болуп жатканын айтып берген.

Кыргыз паспортун негизинен Тажикстандын чек ара аймактарында жашаган кыргыздар алген: Мургаб, Жерге-Тал, Ленинабад жана Исфара. Биринчи эки райондун тургундарын этникалык кыргыздар түзөт. Мургабдын калкы 18 миң киши болсо, Жерге-Талдын калкы 64 миңге жетет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстандын президенти этникалык кыргыздарга жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 31-декабрына чейин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алууга уруксат берген жарлык чыгарган

“МедиаХаб” Тажикстандан келген этникалык кыргыздар менен маектешти. Алардын айтымында, Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар чындыгында абдан көп. Бирок бюрократиялык процедуралардан улам жарандык алуу татаал болуп атканын белгилешти. Бирок көйгөйлөрүн ачык айтып берүүдөн карманып коюушту. 

Жарлыктардын анализи 2022-жылы Орусия Федерациясынын жарандарынын арасында Кыргызстандын жарандыгына суроо-талап кескин өскөнүн көрсөттү. Кыргызстан, Беларусь, Орусия жана Казакстандын ортосунда төрт тараптуу келишим бар. 1999-жылы кол коюлган документке ылайык, бул өлкөлөрдүн союз маалында төрөлгөн жарандары төрт өлкөнүн жарандыгын эч тоскоолдуксуз ала алат.

Эксперттердин айтымында, бул Орусияда мобилизация жарыяланганы менен байланыштуу болушу мүмкүн, бирок алардын айрымдары бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, санкцияларды айланып өтүшү ыктымал. Анткени 2022-жылга чейинки төрт тараптуу келишим анчейин популярдуу болгон эмес. Ал эми өткөн жылы бул категорияда 500дөн ашуун орус жараны Кыргызстандын паспортун алган.

Эгерде мурда кыргыз жарандыгын негизинен Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда төрөлгөн адамдар алган болсо, бул тенденция азыр да уланууда. Бирок ошол эле учурда, 2022-жылы жарандыкка кабыл алуунун жеңилдетилген түрү боюнча кыргыз паспортуна орустар менен орус жарандыгын алган кыргыздар арасында суроо-талап күч болду.

2022-жылы жеңилдетилген тартипте жалпысынан 1192 адам жарандык алган. Алардын ичинен 489у орус улутундагылар. Буга чейин орусиялыктар арасында кыргыз паспорту мынчалык популярдуу эмес эле. Эгерде бир эле учурда жалпы жана жеңилдетилген түрдө берилген жарандыкты карасак, 2022-жылы 730 орус улутундагы адам кыргыз паспортун алган.

Эгер жынысына карап көрсөк, өткөн жылы Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык эркектер көп болгон. Жарандык алгандардын жаш курагын талдап көрсөк, 30-50 жаштагы эркектер дароо көзгө илинет. Бул кишилердин жаш курагы мобилизацияга туура келет.

Салыштыруу үчүн Кыргызстандын жарандыгын алган Тажикстандын жарандарынын жынысы жана жаш курагы боюнча карасак, жарандыкты негизинен 10 жаштан 30 жашка чейинкилер алган.

Экономист Эльдар Абакиров орусиялыктар Кыргызстанга мобилизациянын айынан келген деп эсептейт. Ал орус жарандарын бир нече топко бөлдү.

"Биринчи топко "согушка барбайм, мобилизациядан качам, бирок Кыргызстандабы же Грузия же Армениядабы менин оокатым өтө берет" дегендер кирет. Көбүнчө айтичилер, юристтер — онлайн иштегендер. Алар жергиликтүү компанияларга ишке кирди же мурдагы эле компанияларында иштеп жатат. Экинчи топко Кыргызстанда мурда төрөлгөндөр же жашап кеткендер кирет. Бул жакта ата-энеси жашагандар да бар. Үчүнчү топко киргендер дүйнөнү кыдырам, кыргыз паспортун алуу жеңил дегендер. Алардын арасында чиновник, бизнесмендер болушу мүмкүн. Алар санкциядан, мобилизациядан качкандар. Кыргызстанга келип инвестиция кылгандарды көрө элекмин. Төртүнчү топ — Кыргызстанга келип кызмат тармактарында иш таап жашоосун улантып жаткандар. Бешинчи топ —  жөн эле стресске батып калган адамдар", — дейт Абакиров.

Эксперттин айтымында, Кыргызстандын инвестициялык климаты кескин начарлаган. Ошондуктан орустар инвестиция кылбайт.

"Адам өнүгүү, экономикалык эркиндик, сөз эркиндиги индекстери бар. Көптөгөн индекстерде артта калдык. Бул рейтингтердин үстүндө иштеш керек. Оппозицияда жүргөн адамдардын камалышы да инвестициялык климатка түзмө-түз терс таасирин тийгизет. Эгер сот системасы оппозицияга карата адилетсиз болсо, демек сот системасы адилетсиз. Бул инвестиция салуу кооптуу дегенди билдирет. Тажрыйбалуу инвесторлор беш колдой билет, ушунун баарын эске алат", — деп белгилейт экономист.

Былтыр сентябрда Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганда орустар Казакстан менен Кыргызстанга жапырт келе баштаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстанга Орусиянын 446 миң жараны кирген. Негизинен өлкөгө кирүүнүн максатын орустар жеке себептерден улам деп көрсөткөн.

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы өлкөдө Орусиянын 273 миң жараны жашаган жери боюнча катталган. Ал эми орус улутундагы 1209 жаран Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берип, анын 621и Кыргызстандын паспортун алган.

Ал ортодо Орусияда мобилизациянын экинчи толкунунун ордуна келишимдик негизде 400 миңден ашык кишини аскерге алууну көздөшүүдө. "Блумберг" жазгандай, аскерлерди жалдоо кампаниясы башталып, аймактык аткаминерлер квота боюнча потенциалдуу ыктыярчыларга чакыруу кагаздарын жөнөтө баштады.

Маалыматтар кайдан алынды?

Кыргызстандын жарандыгы жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жарандык жалпы же жеңилдетилген тартипте берилет. Жарандыкты жалпы негизде алуу үчүн өлкөдө 5 жылдан кем эмес туруктуу жашоодон тарта мамлекеттик же расмий тилди билүү, туруктуу киреше табуу талабы коюлган. Ал эми жеңил тартипте Кыргызстандын жарандыгын этникалык кыргыздар, Кыргызстандын мурдагы жарандары же өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан чет өлкөлүк жарандар ала алат. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Орусия Федерациясынын ортосунда жарандыкка кабыл алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби боюнча төрт тараптуу келишим бар. Бул мүмкүнчүлүктү советтер союзу маалында төрөлгөн адамдар пайдаланып, жарандыкты жөнөкөй тартип менен эки-үч айдын ичинде алса болот. 

Мыйзам боюнча, жарандыкка кабыл алуу жөнүндө жарлыктар кол коюлгандан кийин үч күндүн ичинде президенттин сайтында жарыяланышы керек. Документ жарандык алган адамдардын жеке маалыматтарын, аты-жөнүн, фамилиясын, жаш курагын, улутун, туулган жылын жана туулган өлкөсүн камтыйт. Бул изилдөө дал ушул президенттин сайтында жарыяланган жарлыктардын негизинде жүргүзүлдү.

Автор: "МедиаХаб"

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты