Украинада туткунга түшкөн кыргыз жараны Орусияга кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Украинада туткунга түшкөн Кыргызстандын жараны Алишер Турсунов Орусияга кайтарылды.

Бул тууралуу «Украина – Центральная Азия» телеграм-каналы Украинанын аскер тутундары менен иш алып барган «Хочу жить» аттуу координациялык кеңешине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Турсунов Орусияга 17-июлда кайтып барды. Бул күнү Орусия менен Украина «95ке 95» форматында туткундарды алмашкан. Орус аскерлерин издөө жана үйлөрүнө кайтаруу менен алектенген «Наш выход» коомдук кыймылы жарыялаган туткундан бошотулган орус аскерлеринин тизмесинде Алишер Турсуновдун да аты-жөнү бар.

Украинада туткунга түшүп калганын айткан 57 жаштагы Алишер Турсуновдун видеосу быйыл майдын аягында социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда ал Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарында туулуп-өскөнүн билдирген.

Турсунов Рязань шаарында жашаган уулуна барганда полиция кызматкерлери кармап кеткенин айткан. Ал жактан аны аскердик келишимге кол коюуга мажбурлап, бул үчүн акча, паспорт, аскердик билет убада кылышкан. Алишер Турсунов көзү жакшы көрбөгөндүктөн келишимде эмне жазылганын да окуй албаганын билдирген.

Видеодо Турсунов келишимге кол койгондон кийин аны машыгуу талаасына жеткиришкенин, ал жерде үч күн атайын даярдыктан өткөнүн айтып берген. Соңунда согушка өз каалоосу менен барбаганын белгилеп, кыргыз бийлигинен мекенине кайтарууга жардам сураган.

Алишер Турсунов Украинада орус армиясынын катарында согушкан жалгыз кыргызстандык эмес. 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу Украинадагы согушка катышканы үчүн быйыл жыл башында жети жылга соттолгон. Июндун аягында ал орус армиясы менен жаңы келишим түзүп, кайрадан Украинадагы согушка камданып жатканы кабарланган.

Мындан тышкары Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын «Вагнер» менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты